Жалал-Абадда 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

Ушул жылдын 9-июлунда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулат. Бул окуя боюнча баланын 13 жаштагы эжеси күнөөлүү экендиги аныкталган.

"Жаңы кодекс боюнча кылмыш иши боюнча жоопко тартылуу 14 жаштан башталат. Учурда кызга психиатриялык экспертиза дайындалган. Ал реабилитациялык борбордо. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгон күндө да кыз жоопко тартылбайт", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматынан.

9-июлда Сузак районунун айылдарынын биринде 11 жаштагы өспүрүм бычакталып, анын жанында "өчүңдү балаң аркылуу алдым" деген кат табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrghyzkyzy
2019-09-08 23:30:11
Ошондо олтуруп коюп журо берсе болобу жашы жете электер?Жазалаш керек жаштыгына карабай.Олтургонго акылы жетти го,жооп берсин закон алдында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан