Ак-Босого жаңы конушунда жолдун чети менен бара жаткан аялды эки баласы менен сүзүп кеткен кырсыктын видеосу жарыяланды.
Видеого эне эки баласы менен жол чекеси менен басып баратканда унаа келип сүзгөнү түшүп калган.
Кырсыктан улам 6 жашар кыз каза болуп, ал эми 3 жаштагы баласы менен эне жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирген.