Чүй облусунун Панфилов районундагы медреседе өрт чыкты. Өрт 8-сентябрь күнү саат 18:51 чамасында Тельман айылындагы "Ак-Тилек" медресесинин жатаканасынын чатырынан чыккан. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чарчы метр аянты күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрда түнкү саат 02:17де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ал эми бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.