Биз социалдык тармакта

Парламент комитетинде билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат

Парламент комитетинде билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат. Анын талапкерлигин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Депутат Алмазбек Токторов бул кызматка Исаковду мамлекеттин жетекчилиги сунуштап жаткандан кийин ишти алып кетет деп ишене турганын айтты. Депутат Жанар Акаев бул жолу өкмөт татыктуу кадрды алып келгенин кошумчалады.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
raikakyz
2019-09-09 14:43:20
Каныбек агай болсо билип беруу тармагына жакшы конул бурулат деп ишенем.
+3
raikakyz
2019-09-09 14:44:58
Билим беруу тармагына демекчи элем.
0
rysik79
2019-09-09 14:51:57
Каныбек начар эле киши жадный оло. Башка адам тугонгон экен да.
-4
Dembele84
2019-09-09 20:58:00
rysik79,Атамбаевди койгула деп пикетке чык ак уй алдына!
0
jenishbek85
2019-09-09 15:02:25
Каныбек Исаков ОшМУну кандай өнүктүрдү. Ийгилик каалайбыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан