Ош шаарындагы балдар үйүнүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркай ташталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда ошол күнү саат 3:55 чамасында Ош шаарынын Спорт көчөсүндө жайгашкан "Алтын уя" балдар үйүнүн короосуна жаңы төрөлгөн ымыркайды белгисиз жаран таштап кеткендиги айтылган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алгачкы териштирүү иштеринде ымыркайдын киндиги үй шартында кесилгендиги аныкталган. Азыркы учурда баланын ата-энесин аныктоо боюнча атайын тапшырмалар берилди. Иликтөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалыматтар берилет", - деди басма сөз кызматынан.