Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда окуучулар үч жылдан бери контейнер мектепте окушат

Кара-Суу районунун Миялы айылындагы мектептин башталгыч класстын окуучулары үч жылдан бери контейнер мектепте окушат. Анткени аталган айылдагы мектеп жер көчкүнүн кесепетинен жараксыз абалга келип, окуучулар чыгарылган.

Аталган мектеп тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйүнбай Исаков төмөнкүлөрдү айтып берди.

Контейнер мектепте балдар окуп келе жатканына 3 жыл болуп калды. Себеби бул мектеп турган аймакка көчкү түшкөндүктөн “кызыл аймак” болуп эсептелинет. Көчкү болгондо ӨКМ ал жерден элди көчүргөн. Андан бери көп жыл өттү. Учурда аталган мектепте 18 бала билим алат. Алар башталгыч класстын окуучулары. Класстар толук эмес, балдардын саны аз. Ал эми жогорку класстар кошуна айылга барып окушат. Негизи айылда мектеп бар болчу. Жер титирөөнүн кесепетинен ал жерден окуучулар чыгарылып, ордуна контейнер коюлган”, - деди билим берүү бөлүмүнүн адиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
OMURBEK.
2019-09-09 20:13:25

Муну угуп
Чоңдор кандай акыбалда экен билбейм
Бирок мен кичине наамыстана уйалып турам ушундай акыбалга .
ылайым элдин убалы урсун жеп жутарлар кудай көрүп турат баарын
+1
Ziregim
2019-09-10 00:26:04
Биз билбеген дагы канча контейнер мектеп бар кудай билет
0
kamchatka
2019-09-10 03:58:35
Karasuuda Raiym million bar elego je al jerde golos azby !!!
+1
Asking-
2019-09-10 15:23:38
Алкымды азырак кылса оо.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан