Айдоочу, абайла! Бишкек-Ош жолундагы ашууларда кар тынбай жаап, жолдор тайгак болуп жатат

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө ошондой эле Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан Көк-Бел, Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар тынбай жаап, жолдор тайгак болуп жатат.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ушул багыттар боюнча жолго чыккан айдоочуларга, дөңгөлөктөрүн кышкы мезгилге ылайык алмаштырууну жана керектүү шаймандарды жанына алып жүрүүсүн эскертет. Облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери, автобекеттерде жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулардын токтоочу жайларында жалпы айдоочулук курамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан