Бишкекте 11 гектар жерге жаңы сейил багы ачылат

Бишкек шаарында дагы бир жаңы сейил багы ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирет.

"Жаңы сейил багы 11 гектар жерди ээлеп, анда шаардык скейтдром да болот. Эс алуучу жайды куруу иштери ушул жылдын күз айларынан башталды. 120 орун үчүн унаа токтотуучу жайы, 150дөн ашык отургучтар жана тротуар менен кошо велосипед тебүүчүлөр үчүн 1660 метр жол курулат. Сейил бак Түлөбердиев менен Көкчө-Тоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерге салынууда", - деп жазылат маалыматта.

Сейил бакты куруу жана буга жакын жерлерди асфальттоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин бүтүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bek_tash
2019-09-10 00:12:39
Завод, фабрика ж.бу.с курсаңар болбойбу???
+8
oscar
2019-09-10 00:21:55
Айлыктар көбөйүп эс алганга жер издейбиз го ошондо
+7
Ziregim
2019-09-10 00:22:26
Уйу жок канча киши журот, жакырларга 3 сотыхтан берсенер жыргап батасын бермек уйду оздору орустун мусурун терип журуп куруп алмак, сейил бакты кое туруп, элдин жашоосу онолсо анан сейилдейт да
+11
Bekish-
2019-09-10 00:31:52
Ziregim,ушул нерсени кылып жатканына шугур кылыныз, кылбай койсо деле эч ким эч нерсе дебейт болчу...
-6
rysik79
2019-09-10 06:38:51
Стадион керек заманбап спорттук.
+2
Dembele84
2019-09-10 07:14:58
Бишкектиктер кышы жайы гектарлаган сейил бактарда сейилдеп эле жатып калат экен да а)))
+4
tavanova.sarah
2019-09-10 07:17:26
Оббо секин аста болуп атаго?! Стадион дагы болот буйурса. Бул деле шаарыбыздын бир корку. Вроде жакшы жака озгоруш бардайго. Башкасы да болот буйурса))
-4
Samatalibei
2019-09-10 08:54:23
Завот фабрика салсанар жумуш менен камсыз кылсанар жакшы болмок! Азыр сейил бакта эс ала турган эчким жок бекерчи жумушу жоктор айла жок ошол жерде журушот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан