Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд жол каттамы токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Туристтик мезгил аяктагандыгына байланыштуу “Бишкек-Балыкчы-Бишкек” поезд каттамы 8-сентябрда жабылды. Эми поезд каттамы жайкы эс алуу мезгилине карата кийинки жылы 14-июндан тарта жанданат.
Быйыл аталган багыт боюнча 19 миң 972 адамды каттаган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп", - дейт басма сөз кызматынан.