Бишкекте 24 жаштагы жаран уурулук кылганга шектелип кармалды. Анын 10 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталды

Бишкекте турак үйлөрдүн бирине кирип алтын жана ноутбук уурдаган деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиргендей учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.

"Ушул жылдын 30-августунда Ленин РИИБине Ак-Ордо жаңы конушунун С.Э. аттуу тургуну кайрылган. Анда 30-августта саат 13:30дан 19:30га чейинки аралыкта терезе аркылуу үйдүн ичине кирип "Аcer" ноутбугун жана алтын зерлерди алып чыгып кеткен жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды. Кошумча тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн мындан башка дагы уурулук боюнча 10 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда кармалган жарандын дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги иликтенип жатат", - деп билдирет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Edil2991
2019-09-10 08:40:15
1же2 жолу уурулук кылды,анан уурулук боюнча ачылбай калган кылмыш иштерин моюнуна илдинер дагы жабылбай жургон делолорду жаап салдынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан