"Байкоңур" эл аралык фестивалына катышкан кыргыз тасмалары байгелүү кайтышты

Казакстанда өткөн "Байкоңур" кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына 2 кыргыз тасмасы катышкан. Фестивалдын жыйынтыгында тасмалар бир катар наамдарга ээ болушту.

Кинематографисттер департаментинин басма сөз кызматынан билдиргендей, режиссёр Жаныш Карашевдин "Кош бол" тасмасына "Мыкты фильм" наамы ыйгарылган. Ошондой эле аталган тасмада роль жараткан жаш актёрлор Саламат Нурманбетов жана Даниель Курманалиевге "Мыкты актёр" наамы тапшырылган.

Ал эми "51+" тасмасына режиссёрлук кылган Данияр Абиров "Мыкты режиссёр" сыйлыгы менен сыйланган.

"Байкоңур" кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы 4-8-сентябрь аралыгында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан