3 ай мурун жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт

Бишкек ШИИББи Рыскулов жана Чымкент көчөлөрүнүн кесилишинен жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 8-июнь күнү саат 08:30 чамасында табылган. Маркумдун болжолдуу жашы 35-40 чамасында. Алгачкы кароо жүргүзүлгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери болгон эмес.

Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара.

Кийип жүргөн кийимдери көк футболка, көк жынсы шым, ак байпак, күрөң түстөгү бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0705 45-05-53, 0553 10-24-65, (0312) 35-26-05.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jalguzum
2019-09-10 23:38:42
Эмнеге сразу эле жардам сурашпады экен? Тууган-уругу кыжаалат болуп журсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан