Депутат Абдылдаев билим берүү министри кызматына талапкерге “адабий тилдин нормасын кантип калыбына келтиребиз?” деген суроо берди

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев “Адабий тилдин нормасын кантип калыбына келтиребиз? Мамлекеттик кызматка келген адам адабий тилде сүйлөш керек”, - дейт.

Каныбек Исаков мамлекеттик тил булганып кеткенин айтты. “Мурда гезит, журналга чыккан сөздү туура жазылды деп ойлосок, азыр болсо китептер да ката жазылып жатат. Бул албетте, өкүнүчтүү. Адабий тилдин нормасын сактаганга аракет кылабыз”, - дейт Исаков.

“Сиз өлкөдөгү эң билимдүү адам болосуз. Сизди карап үлгү алышыбыз керек. Адабий тилде сүйлөңүз, ката кетирбейин десеңиз жазып алыңыз”, - дейт Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Burubek
2019-09-10 12:00:43
Koychayyyy
+1
Burubek
2019-09-10 12:01:00
Корочи
+1
Burubek
2019-09-10 12:01:20
Ит уруп келген кербен жүрүп
+1
Dembele84
2019-09-10 12:06:34
Ошерде отурган 99% депутаттын арасынан таза кыргызча суйлойт и билими жагынан да тантыраган сабатсыз депутаттарга караганда он эсе кучтуу
+10
elmira.
2019-09-10 23:33:34
Оо К.Исаков жакшы иштейт коросунор.Кыргызчаны мыкты билет профессиясы да филолог
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан