Америкалык актриса, фотомодель Ким Кардашьянга дарыгерлер медициналык кароодон кийин жагымсыз билдирүү жасашты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Ким Кардашьян бөрү жатыш (красная волчанка) илдетине кабылган.
Буга чейин ал ден соолугу жакшы болбой башы тынымсыз ооруп, чарчап, муундары шишип жатканын айткан. "Эртең менен турганда колдорумдун шишип калганын байкадым. Тиш жуучу каражатты ала албай койдум. Бул чынында эле жаман экен", - деген ал.
Оорунун мындай белгилеринен кийин ал дарыгерлерге кайрылып, жагымсыз кабар уккан. Тагыраагы, дарыгер Дэниел Уоллес Ким Кардашьян бөрү жатыш илдетине кабылганын билдирген.
Ким Кардашьян өнөкөт псориаз менен жабыркап келгендигин, мындан улам макияж жасоодо ачык түстөргө басым жасай турганын кошумчалаган.