Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлиги менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тарабынан Исаковдун талапкерлиги жактырылды.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.