Парламент комитетине "Кумтөр" боюнча маалымат берүү үчүн өкмөт башчы жүйөлүү себептерден улам келбегени айтылды

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кумтөр" боюнча өкмөттүн маалымат берүүсү күтүлүүдө.

Маалымат берүү үчүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылган. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев кечээ премьер-министр менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. "Өкмөт башчы жүйөлүү себептерден улам жыйынга келе албай турганын билдирди. Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов келет. Тийиштүү суроолорго толук кандуу жооп бере алат", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-10 14:49:13
Кумторду менчигиндей кылган мурунку өкмөт башчылар качан парламенттин бийик трибунасына чакырылат болду экен. Кумторду оз кызыкчылыгн ойлогон ошол эрендерди чакырса болмок.
-1
dysha
2019-09-10 23:08:38
Bektur2011,андан башка маселе жок болуп калганда бизде, барскоондун токою, кажисайдагы калдыктар, колдун жээгиндеги жугундуларды ким чечет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан