"Ош" эл аралык аэропортунан Москвага кечээ уча турган учак 20 сааттан кийин учту

Кечээ, 9-сентябрда эртең менен саат 09:00дө "Ош" эл аралык аэропортунан Москвага учат деген учак 20 саат кечигип, бүгүн таңга маал 05:20да учуп кетти. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Ош эл аралык аэропортунан Москванын "Жуковский" аэропортуна уча турган учак бүгүн таңга маал 05:20да учуп кетти. 10 киши учуудан баш тартып, 156 жүргүнчү учуп кетти", - деди аэропорттун маалымат кызматы.

9-сентябрь күнү "Ош" эл аралык аэропортунан эртең менен 09:00дө учат деген учак алты жарым сааттан бери учпай турганын айтып окурман SUPER.KG порталына кайрылган. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы ал учак "Урал эйрлайнс" авиакомпаниясына таандык экенин жана эмне себептен каттам кечиктирилгенине компаниядан тактоо керектигин билдирген

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baiaman997
2019-09-10 15:45:11
Урматтуу супер инфо ,Ош обл араван районуна караштуу , Тоо-Моюн айыл окмотундонгу Керкидан айылында Кыргыздар менен озбектер жер талашып урушуп жатыптыр ,ошону жазып чыккылачы окмот Корсун , озбектер кыргызстандын жерин менчиктештирип чукулап жатыптыр бугун
+6
Ysakov_Nur
2019-09-10 16:04:39
Урматтуу кыргыз Элим!
Ушул Урал авиа компаниясынын кызматын колдонбой эле койгулачы, тамак да берилбейт экен, стюардессалары да ото орой мамиле кылат экен. 29у куну учуп келип оз козум менен кордум, лучше озубуздун эле кыргыз авиакомпаниясынын кызматын колдонолу
+4
Aidar.001
2019-09-10 16:08:03
Ysakov_Nur,Сен ачсан авиакомпания, сенин учактарында гана учалы баарыбыз.
-8
rafo80
2019-09-11 03:05:41
Ysakov_Nur,Туура айтасын, тамак бербейт , дайыма задержка менен учат.
+1
ainura220888
2019-09-11 12:49:38
Аэрофлот менен учкула аябай жакшы. Эми 4 саата тамак учун олуп калбайбызго. Самый главный тируу жетсек болдуда. Кыргыздардын самолетору Россиядан башка жака уча албайт себеби т.б жооп бербейт черный списокто.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан