Чыңгыз Айтматовдун айкели даяр, бирок коюла турган ордун таппай турат

Айкелчи Тамила Маматова жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин 2018-жылы жасап бүтүргөн. Аны жасоого айкелчи жарым жыл убакыт сарптап, бюст Санкт-Петербург шаарында жасалган. Бирок учурда бул айкел ордун таппай, айкелчинин үйүндө турат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели былтыркы жылдагы жумушум. Негизи эстеликти коюуга шаар аймагынан жер бөлөбүз деп айтышкан. Бирок жер бөлүнбөгөнүнөн улам скульптура учурда үйүмдө турат. Негизи бул бюст менин экинчи дипломдук ишим. Айкелди Санкт-Петербург шаарынан жасадым. Жакында эле журналисттер менен бирге жыйын өтүп, ал жыйын аркылуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге кайрылып, эстеликти Ош шаарына орнотуу тууралуу чечим чыккан. Андан бери көп убакыт өткөндүктөн учурда Ош мэриясы менен сүйлөшүп жатам. Бюстту жарым жылдай убакыт аралыгында жасадым, изденилген эмгек болуп эсептелинет. Негизи эмгек тиешелүү жерин таап, качан эле коюлушу керек болчу. Бийликтин убактысы болбой жатабы же кайдыгер карап жатышабы билбейм. Мындан улам социалдык баракчам аркылуу өзүм чыгууга туура келип калды”, - деп билдирди Маматова.

Учурда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин узундугу 3 метрди түзүп, учурда айкел Маматованын иш бөлмөсүндө турат.

Ал эми бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров төмөнкүлөргө токтолду.

"Быйыл Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда узундугу 8 метр болгон эс алуу аллеясы курулду. Ошол аллеяга чектеш Кара-Суу районунун аймагында 1 гектардан ашыгыраак жер бар. Ошол жерге Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу багын куруу пландалган. Мындан улам Кара-Суу райондук администрациясы ал жердеги соода түйүндөрүн алдырды. Бирок аталган бакты куруу иштери баштала элек. Кийинки жылы башталып калса, бюст орнотулат. Бирок бул маселе дагы каралат", - деди Абсатаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aiba.8327
2019-09-10 18:46:34
АК Ордо 3 ко алып келгиле да орун бар....
+2
Muslim_KGstana.
2019-09-10 18:59:56
Эстеликтен пайда жок,азайтуу керек.
+1
Mister-X
2019-09-10 19:25:57
Чачы негедир окшошпой турат.Чачын узун жасап койгон эмесби.
+1
gute
2019-09-10 20:50:43
Mister-X, Буткон ишке сынчы коп дегендей. Шамал болуп аткан убакта отурганын образдап жазашкан турба. Молодец ушундай Дуйного таанымал адамдын айкелин жазашканына.
+1
anonymous
2019-09-10 20:25:33
Жүзүн жакшы окшоштурган чачы кыскараак кылса болмок уйпалантпай
0
Asking-
2019-09-10 21:34:23
Сын болот ар бир иште мага бергиле кочомо коюп алайын
+1
bond02
2019-09-10 21:55:04
Колдорун тизесине койдуруп же башка жерин карматып жасасаныз болмок экен.
+2
KG.Kushtarbek
2019-09-10 22:41:32
bond02,ондода барда ее Бар учун колун ошол жерге койдурган
+1
Aziat25
2019-09-10 23:42:05
Баракелде. Ар бир областарга коюу керек. Ч.Айтматов Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан.
0
elb_2121
2019-09-11 07:29:58
Ош шаарынын мэрясынын алдында плошадка койгула Ленининди сурдуруп таштап
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан