Ички иштер министрлиги жасалма номери менен жүргөн унаа айдоочуларына айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзамды коомдук талкууга чыгарды. Министрлик билдиргендей, бул "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин азайтуу иретинде жүргүзүлөт.
"Коопсуз шаар" долбоорунда жол эрежесин бузгандар камерага түшүрүлөт. Көпчүлүк айдоочулар унааларына жасалма номерлерди орнотуп коюшууда", - деп жазылат сунушта.
Азыркы учурда жасалма номер үчүн айып пул 10 миң сомду түзөт. Сунушталган мыйзамда бул сумманы 20 миң сомго чейин жогорулатуу каралган. Айып пулду төлөбөгөн айдоочуларга кылмыш иши козголушу мүмкүн.