Бишкекте 2-класстын окуучусу сабактан чыккандан кийин үйүнө бара турган жолду таппай калган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери баланы ата-энесине өткөрүп беришти.
"10-сентябрда саат 12:30да нөөмөт бөлүмгө "Ала-Тоо" аянтында бир бала үйүн таппай жүрөт деген билдирүү келип түшкөн. Жерине мобилдик батальондун кызматкерлери жана Биринчи Май райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору барышкан. Алар адашып жүргөн бала шаардагы мектептердин биринде 2-класста окуган 8 жаштагы Б.Э. экенин аныкташкан. Кызматкерлер баланын жашаган жерин таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти", - деди басма сөз кызматынан.