16-21-сентябрь аралыгында Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюнуна катыша турган көк бөрү боюнча командаларынын жаңы формасы көрсөтүлдү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинен билдиргендей ар бир аймактын өзүнүн түсү болот.
Ал эми форманын дизайнын агенттик жана "BigserSport" спорттук дүкөнү иштеп чыгышкан. Форманы жети облустун жана Бишкек менен Ош шаарларынын командалары кийип жүрмөкчү.
Күтүлүп жаткандай оюндардын маданий бөлүгү - этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот.