Депутат Дастан Бекешев билим берүү жана илим министр кызматына талапкер Каныбек Исаковдон мектептеги ата-энелер фондуна карата көз карашы кандай экенин сурады.
Каныбек Исаков бул маселе боюнча көптөн бери ойлонуп жүргөнүн айтты. "Мамлекетте мүмкүнчүлүк болсо фонддорду жойсо болот. Ачык-айкындуулукту камсыз кылыш керек. Ата-эне баласы үчүн берген акчанын эсебин билиш керек", - деди Исаков.
Дастан Бекешев ата-энелер фондун жоюу боюнча мыйзам долбоорун күтүшө турганын билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.