Шашылыш билдирүү! Республиканын айрым аймактарында үшүк жүрөт

11-12-сентябрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо абанын температурасы -2 градуска түшөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кар жааганын окурмандар маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан