Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Бакыт Төрөбаев билим берүү жана илим министр кызматына талапкер Каныбек Исаковго сунуштарын айтты.
"Сиз министр болсоңуз биринчи кезекте билим берүү системинде саясат жүргүзөсүз. Сизге депутаттар, вице-премьер-министр каршы болбойт. Өкмөттүн аппараты каршы болот. Экономиканы билимдүү, ден соолугу чың, таза адам өнүктүрөт. Ишти бала бакчадагы көйгөйлөр боюнча баштаңыз. Ошондо саясатты туура жүргүзө аласыз. Бала бакчага барбаган балдардын саны арбын. Алар менен бала бакчага барган балдардын деңгээлин карасаңыз, айырма бар. Пилоттук долбоор менен иштешиңиз. Ушул маселелер боюнча иш алып барсаңыз сиздин ишиңиз көрүнүктүү болот", - дейт Төрөбаев.