Депутат Масалиев шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жетпей жатканын айтты

Депутат Исхак Масалиев шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жетпей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн,11-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыр Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 4 мыйзам долбоору бар. Бул мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин палатасына жетпей жатат. Бир топ сунуштар болгон. Анын катарында парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан төмөндөтүү боюнча сунуш бар. Бүгүнкү күндө 2 миллион шайлоочу болсо, партияда 180 миң добуш болуш керек. Бул бир-эки партияга парламентке өтүүгө жол бере турган мүмкүнчүлүк. 2 миллион шайлоочу добуш берсе 1 миллион шайлоочунун өкүлдөрү Жогорку Кеңеште болуп, 1 миллион шайлоочунун өкүлдөрү өтпөй калат. Босого чегин төмөндөткөнгө аракет кылабыз. 6 айдан бери мыйзам долбоору палатага кирбей жатат. Эмнеге палатага жетпей жатат деп сурасам карап көрөбүз деп жатышат", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан