Буга чейин сүрөткө түшөбүз дегендер тартип бузган паркка эми тургундар 200 түп көчөт отургузду

Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Бишкектин Түштүк магистраль тарабында ачылган "Ынтымак" эс алуу багына 200гө жакын көчөт отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда да жарандар өз ыктыяры менен келип көчөт отургузууну улантышууда.
"1-сентябрдан тартып 30дан ашык үй-бүлө жана 15 чакты уюм 200дөй түп бак-дарактын көчөтүн отургузуп кетишти. Өздөрүнүн атынан бак тигип кетүүнү каалагандардын саны аз эмес, буга жазылып, бөлүнгөн жерге көчөт отургузуп кетүү кезегин күткөндөр арбын. Мындай иш-чаралар 20-сентябрга чейин улантылат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ошондой эле шаар башчылыгы тургандарга кайрылып, эгерде бул сейил бакка келип көчөт отургузууну кааласа алдын ала көчөттү отургузуу эрежерелери менен таанышып алууга чакырган. Мындан тышкары, маалыматта "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын 0702 143696, 0709 399977 номерлери көрсөтүлгөн. Тургун бак отургузуу үчүн көчөт алардан мурун аталган ишкананын адистери менен кеңешип алуусу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн номерлер иштейт.
Буга чейин "Ынтымак" паркына келгендер ал жерге көрктүүлүк үчүн орнотулган жаныбарларга чыгып алып сүрөткө түшкөндүгүнөн улам эс алуучуларга ал тарапка кирүүгө тыюу салынган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ernisbii
2019-09-11 13:42:03
Кандай жакшы элибизге ушинтип ыйман ынтымак кең пейилдүүлүк маданиятуулук болсо оңолорубузга сөз жок. Алга КЫРГЫЗСТАН!
+3
nurhan2702
2019-09-11 20:30:19
Кочот дегенди жаздын куну отургузчу беле?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан