SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун "Музаман" тобунун "Жубайыма" аталышындагы клиби толуктады. Топтун ырчысы Аксай Мукамбет уулу чыгарманы ырдап чыгууну аткаруучу Майрамбек Осмонов сунуштаганын айтат.
"Биз Майрамбек Осмонов менен жакшы мамиледебиз. Ал бизге ушул чыгарманы аткарып чыгууну сунуштады. Ырды жаздырып бүткөндөн кийин клип тарттырууну пландадык. Башында жубайларыбызды клипке бойдок кыздарды тартабыз деп тамашаласак "биз тартылсак эмне болот?" деп чычалап чыгышты. Негизи клипке үчөөбүз тең үй-бүлөбүз менен тартылабыз деп сүйлөшкөнбүз. Чыгарма, клип биздин жубайларыбызга арналды", - дейт ал.
4-СЕНТЯБРДАН 11-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Асел Кадырбекованын "Телефон" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" клиби камсыздады.
8-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айпери Сыдыкованын "Бакыт издери" чыгармасына буюрду.
7-орунга - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклиби жайгашты.
6-орунду - Назми менен Куралбек Чокоевдин "Бул ким?" видеокомпозициясы ээледи.
5-орунду - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" аталышындагы клиби багындырды.
4-орунга - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасы жайгашты.
3-орун - Нурмат Садыровдун "Келчи" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" видеокомпозициясы камсыздады.
1-орун - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү клибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.