Жалал-Абад шаарында түнкү клубдагы мушташтан 26 жаштагы жаран сабалып, оор абалда ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну сабалып, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда 26 жаштагы 3 бала эс алуу жайына кирип, Сузак районунун 22 жаштагы балдары менен уруша кетишкен.

"Уруш клубдун сыртында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча мушташ орун талашуудан келип чыккан. Милицияга Сузак районунун балдары да арыз жазышкан. Арызда Базар-Коргон районунун балдары урушту баштаган деп жазышкан. Учурда шектүү катары 22 жаштагы Сузак районунун 2 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Алдыда дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан