Баткенде эки жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам ооруканага жеткирилди

Баткен районунун Бужум айылында эки жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-сентябрда саат 09:30 чамасында катталган. Анда Хондо Фит менен Хонда Степвагон унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда Степвагон унаасындагы 4 адам ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан