Бүгүн, 11-сентябрда Жайыл РИИБине кримтөбөл Камчы Көлбаев келгенин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Көлбаев РИИБге келгенин тастыктады.
Ошондой эле Чүй ОИИББи бул маалымат боюнча төмөндөгүчө билдирүү таратты.
"Жайыл РИИБинде учурда "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки иш тергелүүдө. Бүгүн, 11-сентябрда күбө катары 1974-жылы туулган К.А. аттуу жаран чакырылган. Ал бардык тергөө иши аяктагандан кийин коё берилген. Учурда жогорудагы берене боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.