2019-жылдын 9-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында мушташкан шектүүлөр кармалды .Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.
"9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын «Дина» түнкү клубунун жанында мушташ болгон. Базар-Коргон районунун тургуну 1993-жылы туулган Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинин кылмыш-жазык бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул окуяга тиешеси бар делинген атуулдардын өздүктөрү аныкталып, жүргөн жерлери такталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө алып келинген. 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.