Кожобек Рыспаев: "Парламентте элиталар отурат деп койсом, кандай гана асылуулар болду"

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев профсоюздардын айланасында болуп жаткан маселе боюнча айтты.

"Профсоюз деген "монстр" чыкты. Депутаттар мыйзам долбоорун жазып жатса кабинеттерди кыдырып жатат. Ачык эле телефон номерлерин коюп жазып жатат. "Кутман таң, жакында бул койлорду тандайбыз, профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзам жазып жаткандарды жоготуш керек. Ошолордун 2020-жылкы шайлоодогу тизмеде болбошуна аракет кылыш керек. Бул биздин колдон келет, биз жеңебиз" деп жазып жатышат. Биз ушунчалык кордукка чыдайбызбы? Директорлор кеңешиндеги 28 киши мамлекеттин ичиндеги мамлекет болбосун. Өкмөткө профсоюз тууралуу мыйзамды өткөргөнгө чейин бир да мүлк сатылбасын деп тапшырма берели. "Достук" мейманканасын сатабыз деп жатышат.

"Чимкирик парламент" дегенге жооп берип, элитабыз деп койсом кандай гана асылуулар болду. Бул жерде кимдер отурат, чын эле айттым да. Бири-бирибизди колдоп мындайларга бөгөт коюш керек. Профсоюз тууралуу мыйзам долбоорун өткөрүү керек", - дейт Рыспаев.

Кожобек Рыспаев: “Элитабыз десем асылып жатып калышты, эми койлор деп жатышат“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Makul
2019-09-12 11:15:10
Чычалаак элита)))
+12
Ka2sr1
2019-09-12 11:19:26
Парламентте солдурок Сокенин кулдары олтурат. Элита деп кимди айтса болот? Колунан эч нерсе келбеген трайбалист, саткын Сокени айтабызбы же Жээнбековтордун айдама койлоруна айланган парламентти айтабызбы? Эл өмүр бою мындай койлорду баккыдай ал жок. Эгер элита болушса анда элдин пайдасына деп өздөрүнүн кызматтык унааларынан баш тартышсын.
+10
Bektur2011
2019-09-12 11:51:59
Ka2sr1,АШАнын убагында дагы ушул парламент отурган антип акаарат келтирбегин. Жогорк Кеңеш элдин добушу менен бийликке келген.Сага окшогондор парламенттин п сын дагы түшүнбөсө керек. Сага окшогон трайбалисттерди камаш керек.
-1
Altyn.bala
2019-09-12 13:30:18
Bektur2011,элге корунуп эле турбайбы парламент кимдин камчысын чаап атканы.Асылбек тиякка айдаса аяка басат бияка десе бияка басат.Сокени жактаганынды токтотчу сен.Оштун каягынан болосун айтчы?
+5
Jaznura
2019-09-12 12:15:02
Ka2sr1,даана чыккынчы турбайсыңбы. Азыркы парламент кимдин учурунда келди эле
-6
tular
2019-09-12 11:33:50
Чимкирик десе чычалайт, анан чимкириктей болбой элге пайдалуу иш калсанар боло
+9
elebes86
2019-09-12 11:50:20
Парламентке туз эфир кылып видео камера орнотушса болмок. Элдер туз эфирден интернеттен карап баа берип турушмак.
+6
Bektur2011
2019-09-12 11:51:02
Парламентте канчалык сын айтпагыла алар деген өз функциясын татыктуу аткарып жатышат. Ошондуктан аларга сын айтуунун кажети жок. Көч бара-бара түзөлөт.
-9
Mamiev
2019-09-12 12:20:53
Bektur2011,Коч бара бара тузолот деп эгемендуулук алгандан бери келе жатат Кыргызстан. Азыркы депутаттардын көпчүлүгү өз бизнесин коргоо үчүн келгендер жана тааныш билиш аркылуу. Анан дагы 120 депутат эмес илгеркидей райондук депутат болсо партия эмес. Бир партиянын ичинде канча кумалак бар мискенбаевтей. 120 депутат көптүк кылат. Ар бирине бирден жардамчы квартира машина. А булар бир кнопкасын акчага сатып олтурушат кааласа келип кааласа келбей
+7
chake
2019-09-12 11:55:21
Парламентке сын таккандар биринчи өзүңөр ошол жака барып алгылачы.мышык майга жетпей сасык дептир болбой...
-14
Absamat-90
2019-09-12 11:56:18
Кожебек мырза ит уро берет кербен журо берет,эн башкысы аткарылган иштер.
-14
altyn-kumush
2019-09-12 11:58:03
Парламент депутаттары өздөрүнүн деңгээлин көрсөтпөй эле койсо болмок. Ар ким өзүнө жараша иштер менен алек болот. Өзүнүн деңгээлине ылайык сөздү сыйлайт.
+4
bond02
2019-09-12 12:10:37
Чычалаган чын болот.
+6
Jaznura
2019-09-12 12:15:59
Чынында эл үчүн иштеген депутаттар деле бар. Баары эле жаман эмес
-9
Aitunuk
2019-09-12 23:26:32
"... «элита» (то есть «лучшее»). Подразумевается, что входящие в элиту индивидуумы, обладают более высокими интеллектом, талантом, способностями, компетентностью по сравнению со средними показателями конкретного социума. Этой позиции придерживался Парето" -("Википедия"). Биздин "элита" "...входящие в элиту индивидуумы, обладают более высокими интеллектом, талантом, способностями, компетентностью..." жооп береби!? Кеп ушунда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан