Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 14-сентябрда убактылуу жабылат. Аталган көчөнүн Манас кең көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлагандай, Москва көчөсүндөгү талкаланган бордюрлар алмаштырылып, жаңы асфальт төшөлөт. Мындан тышкары жолдун четиндеги унаа токтотуучу жерлердин саны көбөйтүлөт.
"Москва көчөсүнүн бул бөлүгүн оңдоо пландалган эмес. Бирок биринчи фазадагы долбоор бүткөндөн кийин каражат артып калды. Мындан улам муниципалитет каражатты Москва көчөсүнүн 2 километр жерин оңдоого жумшайт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Жолду оңдоп-түзөө иштери 30-октябрга чейин уланат. Буга чейин Москва көчөсү менен каттаган коомдук транспорт каражаттары убактылуу Киев көчөсү менен жүрөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан, меймандарынан жана айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, альтернативдүү жолду тандоого чакырат.