Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүүнү сунуштады.
"Кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталган иштерди тергеген тергөөчү бир айда 500дөй ишти тергеп жатат. Ал толук бейтарап болду деген принципке шек келип калышы мүмкүн. Ишти тергеп бүткөнгө жетишпей калып жатышат. Алардын санын кескин түрдө көбөйтүү зарыл", - дейт Шайназаров.
Мындан тышкары, ал тергөө учурунда күрөө деген баш коргоо чарасын колдонууну сунуштады. Бул жакшы натыйжа бере турганын айтты.