Чүйдүн Жайыл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаштагы эркек киши төртүнчү кабаттын терезесинен секирип каза болду. Бул тууралуу дарыгерлер борборунун орун басары Ирина Асанбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 12-сентябрь күнү саат 08:12де болгон.
"Бүгүн эртең менен 65 жаштагы Орус жараны, Кара-Балта шаарынын жашоочусу тамчылатып ийне сайдырууга келген. Аны медайым кабыл алып, палата жаткырып коюп, өзү керектүү каражаттарды алып кетүүгө чыгып кеткен. Медайым болжол менен 5 мүнөткө жетпеген убакта кайра келип, бейтапты таппай калган. Ал даратканага кетип калганбы деп бир аз убакыт күткөн. Бирок бейтап келген эмес. Андан соң медайымга оорукананын алдында бир киши жатканын, болжол менен ал терезеден секиргенин айтышкан. Ал жерге барган дарыгерлер эртең менен келген бейтап экенин аныкташкан. Ошол замат милиция кызматкерлери чакыртылып бардык видео көзөмөлдөр көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жаран өз өмүрүнө кол салган.
Маркум акыркы убакта аталган ооруканада ийне сайдырып жүргөн. Ал Кара-Балта шаарында жалгыз жашайт. Апасы мындан 3 жыл мурун каза болуп калган. Ал ошондон кийин инсульт алып ооруп жүргөн", - деп билдирет Асанбекова.