"Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси: "Кышында электр жарыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралбайт"

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкекте электр жарык берүүчү компаниялардын өкүлдөрү кышка карата жылытуу иштери кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат беришти.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын директору Жолдошбек Ачикеевдин айтымында, кышка карата даярдык иштери өз нугунда жүрүп, авариялык өчүрүүлөр болбойт. Берилген мөөнөткө чейин оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүтөт.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы жылытуу сезонуна таасирин тийгизбейт. Суук башталганга чейин 17 миллиард 200 миллион куб метр суу топтоо пландаштырылып жатат. Ошондуктан көйгөйлөр бул кышта болбойт”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан