Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда атасынын унаасын айдап чыккан 16 жаштагы өспүрүм бала жол кырсыгына учурап, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Ала-Бука районунун Падек айылында болгон. Анда 16 жаштагы Сафед-Булан айылынын жашоочусу атасына таандык жеңил унааны айдап чыгып, рулду башкара албай машина оодарылып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана унаадан жүргүнчү катары кетип бара жаткан эки өспүрүм райондук ооруканага түшкөн. Учурда абалдары оор. Кырсык боюнча тиешелүү иш-аракеттер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.