Акыйкатчы Кой-Таш окуясында жабыркаган тургундарды кабыл алды

Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алды.

КСДПнын өкүлдөрү интернетке жарыялаган видеолорго ылайык, окуяда жаракат алгандар, балдары камалгандар арыз муңун акыйкатчыга айтышкан. Жабыркагандардын көпчүлүгүн Арашан айылынын жана Кой-Таш айылынын жашоочулары түзгөн.

8-сентябрда акыйкатчы Улуттук госпиталь жана №4 ооруканага барып, ал жактагы бейтаптардын ал-абалын көрүп, жеринен таанышкан.

Оорукана жетекчилиги берген маалымат боюнча, жалпысынан 26 жаран кайрылган, анын ичинен 6 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө келип түшүп, бирөөсү кайтыш болгон. 13 жаранга амбулатордук түрдө жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Boha1
2019-09-12 19:21:37
ушу пенсионер бар экен ээ, корунбойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан