Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын обьектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна Кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.
1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берилген.
2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан Кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер). Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.