Суусамырда тоодо адамдар калып калган. Алар менен байланыш болбой жатат

Суусамырдагы сууктун кесепетинен Арамза жайлоосунан 15 адам түшө албай, алардын арасында балдар бар экенин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыккан. Колдонуучу бир адамдын көзү көрбөй, 4 адам белгисиз болуп жатканын жазган.

Бул боюнча Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев SUPER.KG порталына абал боюнча түшүндүрмө берди.

"Ал жакта байланыш жок болгондуктан, толук кандуу маалымат жок болуп жатат. Сосновка айылынын тургуну тоодон 1500 коюн айдап келе жатып, бороондо камалып калыптыр. Жанында 3-4 киши болгон. Ал кишинин айтымы боюнча, Токтогулдан дагы 3-4 үй бүлө болуп, алар балдары менен болгондуктан ары көздөй аша албай калышкан.

Суурсамырдын тургундары, кечээ, түштөн кийин мал издеп жолго чыгышкан болчу. Ал жакта чатырда түнөп калганы боюнча укканбыз. Бүгүн байланыш жок, алар менен байланыша албай жатабыз. Тоого техника бара албайт. Анткени техника дагы карды күрөөгө күчү жетпейт. Койлорун айдап келе жаткан чабандын көзүнө кар кирип, көзү көрбөй калган. Бирок учурда ал чабандын инилери мал-жандыктарын айдап келе жатышыптыр. Өзү ден соолугуна байланыштуу тоодон түшүп келген", - деди айыл башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2019-09-12 20:45:55
Кана Премьер-министр дин карапайым элге конул бурганы ? Ысык-Колдо бир чиновник сууга тушуп жоголуп кеткенде озу тапшырма берди элего тапкыла деп. Аа карапайым Эл жоголуп суука тонуп калып жатса анда баштары оорубайт !
+10
Altyn.bala
2019-09-12 21:18:37
gute,Сокенин заманы да.Кимдин акчасы бар болсо ошонун камчысын чапмай заман.Карапайым элдин не кереги бар буларга.Элиталарга.
+7
arawan
2019-09-12 23:22:43
Элиталар парламентте чычалап отурушат чимкирик элита деген создорго а карапайым эл оз арабасын озу тартып кунумдук оокат отмой чиновниктер аман эле болгулачы коп соз айткын келет бирок жон гана соз бойдон кала берет бул жакка кирип кимиси окумак эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан