Көңүл чордондо Лунара Мамытова. Анын окуучуларды сабактан тышкары окуткан мугалимдин акчасын эсептеп жазганы талкууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытованын посту кайрадан талкуу жаратты. Анда ал өзүнүн баракчасына мектепте иштеген мугалимдин сабак бүткөндөн кийин, окуучуларды кошумча окутуп тапкан акчасы тууралуу жазган.

"Мага 2-классты жетектеген башталгыч мектептин мугалиминин кирешесин эсептеп беришти. Ал сабак бүткөндөн кийин балдарды күн сайын окутат. Ар бир балага бул үчүн 300 сомдон төлөнөт, улантылып окутулган сабакка калган балдардын саны орточо эсеп менен 20. Ошондо күнүнө 6 000 сом. Бул жашоо-турмушка керектелчү минимумдан чоң", - деп жазган ал.

Мамытованын бул посту интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, көбү кошумча окутуу үчүн ата-энелер андай сумманы төлөбөй тургандыгын жазышууда. Көпчүлүктүн түрдүү пикирине Мамытова болгон фактыны оң кабыл алууга, бир эле учурду айтса жалпылаштырбаганга чакырган.

Буга чейин Лунара Мамытова пенсионерлерди акча топтоп, саякаттоого чакырган постун жазып, талкууга калган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Naku1982
2019-09-13 08:33:02
Саясаттоого эмес саякаттоого.
0
Naku1982
2019-09-13 08:35:02
Мисалы,1 уй-булөөдө 3-4баладан окугандар бар,алар кантет ьолду экен
0
aiba_00
2019-09-13 08:48:09
300сом коп ко,биз бир айга 722 эле толойбуз продленкага.
+2
sarbo
2019-09-13 08:49:42
саатына 300с эмес 50с берип окутканга шарттары жоктор бар,баары эле лунара эместа саатына 300сомдон берип окуткандай,башталгыч класстын мугалимдери анда депутат болуп кетишпейби,бир кундо 4-5баладан ашыгына кошумча сабак отконго жетишпейт
+6
tema85
2019-09-13 09:13:57
Туура айтты лунара, андай мектептер бар бишкекте коп 2 саатка 200сом есть факты
+1
Anarik87
2019-09-13 09:16:46
Бир класста 30,4чейин болсо кошумча жетишбегенине алып калып окуутатда акчага окуутканы кружок болсо керек ал предметик сабактан
0
JaneEr
2019-09-13 10:16:57
Айына зорго 300 беришетго аран аран.Калпты азыраак айтса.6000 кунуно жок нерсе.Эгер жалан депуттатардын балдары болсо толошу мумкун а так жонокой элден чыкпайт.
+3
JaneEr
2019-09-13 10:19:15
Мугалимлерге асылбай эле койбойбу.Озунун айлыгын айтсынчы канча алат,айлыгынан сырткары кирешесин жазсын.Ото эле коп болсо керек.Озуно мумкун,башкаларга болбойбу?
+2
Bars88
2019-09-13 10:30:56
Бул дагы убагында чимкирик болгон.Тантымай булардын адаты да.Унутулуп баратканда бир балп дешет мен бармын дегендей
+3
bema_bema
2019-09-13 14:34:55
Кыргызстанда 300 сом силерге окшогон жеп жутарлар толобосо карапайым калкга оор сумма бул.Озунор жеп жутуп кызарган жерди эми тойбой мугалимдердин айлыгы калдыбы асылбаган.Окутса сабактан кийин мээнет кылып нервтерин коротуп алып атышат тийишпегиле мугалимдерге.Айына 500 сомдон эле толошот биз жакта кунуно 300 сом деп жалган жалаа жапбачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан