Парламентте өзгөчө экономикалык аймактарды түзүү сунушталды

Кечээ, 13-сентябрда парламентте өзгөчө экономикалык аймактарды түзүү сунушталды.

Депутат Махабат Мавлянованын айтымында, инвестициялык долбоорлорду тартуу, экономиканын кайра иштетүүчү тармактарын өнүктүрүү, экспортко багытталуучу жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү өнүктүрүү максатын көздөйт.

Депутат Бактыбек Турусбеков өзгөчө экономикалык аймактар эркин экономикалык аймактарга атаандаш түзүлүш болсо, анда эркин экономикалык аймактардан айрылып калышыбыз мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми Улугбек Ормонов “эркин экономикалык аймактар турганда өзгөчө экономикалык аймактардын эмне кереги бар?” деген суроо салды.

Баяндамачы өзгөчө экономикалык аймактар менен эркин экономикалык аймактар өз өзгөчөлүгү менен өзүнчө иш алып бара турганын билдирди. “Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, алар бири-биринин өнүгүшүнө жолтоо болбойт. Алардын концепцияларында айырмачылыктар бар”, - деди Махабат Мавлянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-13 09:21:52
Экономикалык аймактарды иретке келтирүү учур талабы.
+2
altyn-kumush
2019-09-13 09:24:24
Эркин экономикалык аймактарды көбөйтүү жергиликтүү продукциянын колдонулушу жана ата-мекендик өндүрүштүн өсүшүнө алып келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан