Нарын облусунун Ат-Башы районунда үйүнүн алдында ойноп жаткан 13 жаштагы Адилет Наказбеков изделүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү Ат-Башы РИИБине 20 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 29-август күнү Адилет Наказбеков аттуу иниси үйдүн алдында ойноп жатып, ошол бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Бул факты Ат-Башы РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күндө издөө иштери жана алынган маалымат боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Адилетти көргөн-билгендер болсо Ат-Башы РИИБине төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 03534 2 12 83, 0702 227 474.