Чүй облусунун Жайыл районунда 9-сентябрь күнү кар калың жааганы маалым. Суусамыр айыл аймагы, Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал-жандыктары менен калып калышкан. 10-сентябрь күнү 500 баш кой жана 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн, калганы Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Андан тышкары, ошол эле күнү Сандык жайлоосунан 5 чабан 3 жарым миң баш кой менен Суусамыр айыл аймагына көчүрүлүп келинген. 12-сентябрь күнү Сандык жайлоосунан 2 боз үйдү Биринчи Май айылынын Жолго тилкесине, 3 чабандын үй-бүлөсүн Суусамыр айыл аймагынын имаратына алып келишкен. Куткаруучулар тарабынан баары биригип 5 чабанды, 3 чабандын үй-бүлөсүн, мындан тышкары, 3800 баш кой, 150 жылкы жайлоодон түшүрүлгөн. Дагы башка 4 чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өткөнүн жана аталган жайлоодо болжол менен 7 чабан мал-жандыгы менен калып калганын кабарлашкан. Бүгүнкү күндүн саат 11:00гө карата берилген маалыматка ылайык, жайлоодо калып калган 7 чабан менен байланыш жок болууда жана малдын саны такталууда.
Ушундай эле министрлик тарабынан куткаруу иштери Нарын жана Жалал-Абад облусунда жүргүзүлүп жатат.