Бүгүн, 13-сентябрда саат 10:30да “SUPER MEDIA” пресс-борборундагы маалымат жыйын өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү эң ири компанияларынын биринин мурдагы жетекчиси болгон Түштүк Кореянын жараны Кыргыз коомчулугунан жардам сурап жатат. Чет элдик жаран өзүнүн маселеси боюнча укук коргоо органдарына кайрылганына 6-7 ай болгону менен эч кандай натыйжа чыкпай келгенин билдирүүдө.
Маалымат жыйынга Түштүк Кореянын жараны Ли Хи Ман, Кыргыз Республикасындагы Түштүк Кореянын Ассоциациясынын президенти Ким Кису, дарыгер И Мун Гён, Ли Хи Мандын досу жана котормочу Чынара Жапарова катышууда.
Сиздин же жакындарыңыздын коомчулукка, журналисттерге кайрыла турган жагдайлар жаралса 0770 88 26 00 номерине байланышыңыз.