Бүгүн, 13-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билим берүү маселеси каралууда. Депутат Чыныбай Турсунбеков Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнер-мектеп тууралуу маселе көтөрдү.
Анда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окуучулар айылдагы маданият үйүнө көчүрүлгөнүн айтты.
Ал эми финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов маданият үйүн оңдоп-түзөөгө кечээ, 12-сентябрда 980 миң сом которулганын билдирди.
Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен.