Бүгүн, 13-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билим берүү боюнча маселе каралып жатат. Анда депутат Марат Аманкулов мектепте ата-энелер фонду болушу керекпи деп сурады. Ал бул боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун пикири кандай экенине кызыкты.
Каныбек Исаков мектептеги ата-энелер фондуна нааразы болгондор бар экенин айтты. "Фонд боюнча ачык-айкындуулукту камсыз кылуу зарыл. Нааразычылыктар болуп жатат. Ата-энелер менен сүйлөшүү жүргүзөбүз", - дейт Каныбек Исаков.