"Кыргыз аялым менен ажырашып жүрөгүм ооруп турат" деген түштүк кореялык жаран коомчулукка кайрылды

"Бүгүнкү мен берген маалымат жыйын көөдөнүмдүн арманын айтуу болду" деди 13-сентябрда Түштүк Кореянын жараны Ли Хи Ман маалымат жыйын өткөрүп жатып, анын журналисттерге кайрылуусуна аялынын, өлкөдөгү укук коргоо органдарынын мамилеси себеп болгон.

Анын айтымында, 16 жыл мурун Кыргыз өлкөсүнө 60 миң доллар акча менен бизнес жүргүзүү үчүн келген. Тилеги ишке ашып, өлкөдөгү эң ири компанияларды негиздеген.

"16 жыл мурун 60 миң доллар азыркы 600 миң долларга барабар болчу. Кыргыз кызга үйлөнүп, биз 2 балалуу болдук. Эки баламдын апасына ишенбей кимге ишенем? Башка жумушка киргениме байланыштуу бизнести аялым жүргүзсүн, мен ага жардамдашып турам дегем. Бирок ал бардык документтерди жасалма даярдап, мүлктөрдөн тартып бизнеске чейин өзүнө өткөрүп алды.

Мындан тышкары, көзүмө чөп салып, мага айтпай туруп ажырашып кетти", - деген Ли Хи Ман 8 ай мурун укук коргоо органдарына кайрылган.

"Бирок мени эч ким суракка чакырган жок. Арызым каралбай жатат. УКМКга арыз жазсам, акча сурашты, акчам жок десем, котормочум 100 доллар берген. Кыргыз өлкөсүндө мыйзам иштебейт экен, адамдардын укугу корголбогонуна көзүм жетти. Чыгып баратканымда аялың менен элдеш деп айтышты", - деди ал.

Ошондой эле аялынын мамилесинен улам психологиялык травма алганын, жан дүйнөсү ооруп жатканын кошумчалап, балдары үчүн бардык компромисске даяр экенин белгиледи.

"Бирок ал мени менен сүйлөшпөйт. Балдарым менен сүйлөшүп турам. Балдарымды караганга деле убактысы жок окшойт, чалсам пицца жеп жатабыз, буюртма менен тамак алып жеп жатабыз дейт. Биз чогуу жашаганда үйдөн ысык тамак ичишчү. Балдарымды, жашоомду ойлоп ичим ачышат. Өзүм түптөгөн компанияларга өзүм кире албай калдым. Эч бир ишканамдан мага акча бөлүнбөйт, батирде жашайм", - деген Ли Хи Ман анын арызы укук коргоо органдары тарабынан тыкыр изилденишин каалай турганын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tyty1990
2019-09-13 12:16:11
Акча эмне гана кылбайт
+10
senchi
2019-09-13 12:18:36
Аялы бир чимкирике тийип кетти да,болбосо бир башы менен мындай кыла албайт.
+20
Munar90Munar
2019-09-13 12:19:22
Жиндиго ишенип бизнесин откоруп бергени карей кыздарындай ойлогонго ишенип
+14
Makul
2019-09-13 12:24:51
Чала болуптур! Кыргызстанда кыргыз аял алып жыргап жүрө берем десе керек. Молодец экен кыргыз аял!Кытайларды ушинтип качырыш керек
+14
tular
2019-09-13 12:31:57
Makul, Кытайлар качпай эле, кайра озун качыратда...
+6
Take_men
2019-09-13 21:00:25
Makul, кытай менен кореецтин айырмасы бар
0
Jacob.
2019-09-13 12:25:36
Аялыңа байракты бербегин деген макалды билбейт окшойт..
+5
aiba.8327
2019-09-13 12:28:17
Аялы молодец
-10
Bars88
2019-09-13 12:29:28
Нормальный аял корей кытай туркко тийбейт да.Бирок аялы молодец бардыгы ошондой кылса экен кытай негрге тийгендер
+9
amirrus
2019-09-13 13:58:04
башка улутка тийген кыз келиндерди аргасыз ушул жолду тандоого чакырам,жок эле дегенде кочодо калбай турган болуп уйунорду озунорго откоруп алгыла , таштап кетет баары бир зато уйунор бар,хотя башка улутка бийбеш керек негизи
+8
Munar90Munar
2019-09-13 15:01:32
Жинди экенсин ишенген карей кызы деп ойлоп жанылышыпсын
+5
Umka22
2019-09-13 15:45:02
Лихиман жезде Кореяга барып окатын кыл эми башка арга жок
+3
Jelezo
2019-09-13 15:55:39
Бүт кыргызды уят кылдың жаман катын экенсин жарымын мыйзам чегинде бөлүп алсаң деле жакшы эле бай катын болмоксун.
+5
asdef
2019-09-13 16:26:38
Лихимон считай что калын отдал
+3
bema_bema
2019-09-13 18:54:05
Аял кишимин,милион берсе да ушул башка улутка тиймек эмесмин. ушул башка улутга тийгендерге тан калам кантип жиркенбей тийишет,кытай менен корейлерге айрыкча.
+2
Aidar.001
2019-09-13 22:20:57
bema_bema,миллионду коргондо тийип кетип калсан керек эле бирок
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-09-13 19:55:18
16жылдан бери кыргыз тилин үйрөнүп албаптыр.
+1
Eli.91
2019-09-13 20:38:29
Жон эле койсо деле болмок экен.Анткени ортосунда эки баласы болсо.Балдарын бербейтко деген ойдомун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан