Дима Билан Самара шаарынын жашоочуларына: "Ар бириңиздердин көзүңүздөрдү карап кечирим сурайм"

Орусиялык ырчы Дима Биландын Самара шаарынын жашоочуларына кечирим сураган концерти 29-сентябрь күнү Куйбышев аянтында болот. Бул тууралуу ал жеке баракчасына билдирүү жазып, элди кабардар кылды.

Чоң концертти каалагандар келип көрө алат. Бул менин Самара шаарынын жашоочуларынан кечирим сураган акысыз концертим. Концертте ар бириңиздердин көзүңүздөрдү карап, кечирим суроого мүмкүнчүлүгүм болот. Мага ушул мүмкүнчүлүктү түзүп бергени үчүн Самара шаарына рахмат. Буюрса, ишенимиңиздерди кайтарам”, - деген орусиялык ырчы.

Ал мындан сырткары, ар бир адам идеалдуу эмес экенин, катачылык ар бир адамда боло турганын, кечирим суроо дагы чоң эрдик экенин жазган. Билан фейк аккаунттардын, блоггерлердин чалгынына көп тушугуп, акырында азап чегип калганын дагы кошумчалай кеткен.

Эскерте кетсек, 9-сентябрда Орусиянын Самара шаарында уюштурулган концерт учурунда Дима Билан сахнадагы кылык-жоругу менен күйөрмандарын ирээнжиткен. Ал бул кылыгы үчүн калаа тургундарынан кечирим сурап, концерт коюуну убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2019-09-13 12:24:01
Эмне кылык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан