Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги №1-тергөө абагында жаткан Фарид Ниязов жана дагы үч адам менен жолугуп, ал-абалын билип кайтты. Жолугушууда алар акыйкатчыга жашоо шарт боюнча арызданышкан эмес, бирок өздөрүнүн ак экенин айтышкан.
Бул тууралуу Мамытов SUPER.KG порталына айтып, түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Кой-Ташта жабыркадым деп кайрылган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мындан улам жабыркагандар боюнча комиссиялык топ түзүлүп, алар учурда окуяны иликтеп, жыйынтык чыгаруу иштери менен алек болушууда.
"Алгач алар менен жолукканда комиссиялык топ менен тааныштырдым. Анткени комиссиялык топ алардын Кой-Ташка байланыштуу арыз муңун угат. 7-8-августтагы окуяга эмне себеп болду, мурдагы президенттин штабына элдин топтолушу, Атамбаевдин суракка чакыртылып бирок барбагандыгы, ал жердеги элдин жабыркагандыгы айтылды. Ушул фактыларды дагы комиссия карайт.
Мындан тышкары, кармалгандардын айрымдары бизге тигиндей же мындай мамиле болуп жатат дешсе, кээ бирлери эмне үчүн Акыйкатчы институту көңүл бурбайт, куралым бар, баарын атып салам десе дагы силер унчукпай отургансыңар деген дагы күнөөлөр болду. Мына ошон үчүн комиссия түзүп, ушулардын баарын ийне жибине чейин иликтеп, сол жакка дагы, оң жакка дагы тартпай, болгонун болгондой коомчулукка айтып беребиз", - деди акыйкатчы.
Бирок комиссиялык топтун жыйынтыгы жакын арада чыкпайт. Анткени арыз айткан адамдардын саны арбып, жыйынтык чыгаруу уламдан-улам татаалдашууда. Бул тууралуу Мамытов төмөнкүлөргө токтолду.
"Биз ушул айдын аягында жыйынтык чыгат деп ойлодук эле. Бирок кайрылуулардын көп болгонуна байланыштуу жыйынтык чыгаруу татаалдашууда. Кой-Таштыктар менен жолугуп, ушуну менен бүтөбүз десек дагы уланып калып жатат. Тилекке каршы, бул жумуш октябрь айына чейин созулчудай", - деди ал.